Бокс тарыхындагы эң картаң чемпион Бернард Хопкинс кезектеги беттешин казакстандык мушкерге каршы өткөрөт

IBF (Эл аралык бокс федерациясы) версиясы боюнча 79,4 килограмм салмактык бөлүктөгү Дүйнө чемпиону америкалык Бернард Хопкинс кийинки беттешин казакстандык Бейбут Шуменов менен өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, казакстандык мушкер Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча “суперчемпион” наамын ээлеп турат. Ушул жылдын апрель айына туураланган беттеш боюнча келишимге кийинки аптада кол коюлат.

Кечээ, 15-январда 49 жашка толгон Бернард Хопкинс кезинде 72,5 килограмм салмактык бөлүктө абсолюттук чемпион болгон. Ал бокс тарыхындагы эң картаң чемпион.

Хопкинс профессионалдык рингде 64 беттеш өткөрүп, анын 54үндө жеңүүчү аталган. 6 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми 30 жаштагы казакстандык мушкердин эсебинде 15 профессионалдык беттеш бар. Шуменов анын 14үндө жеңип, бир ирет жеңилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан