Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ядролук медицина борборунун долбоордук менеджери, профессор Бактыгүл Султангазиева "Росатомдун" жана МАГАТЭнин колдоосунун аркасында Кеңеш өкмөтүнөн бери биринчи жолу Улуттук онкология жана гематология борборунда ОФЭКТ диагностика бөлүмү ачылып, 300дөн ашуун бейтап текшерилгенин айтты.
"Учурда "Росатом" менен Кыргызстанда заманбап Ядролук медицина борборун түзүү талкууланып жатат. Ага радиофармацевтикалык каражаттардын циклотрондук өндүрүшү, ошондой эле радионуклиддик диагностика жана терапия бөлүмдөрү кирет", - деди ал Москва шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк атом жумалыгында.