Бишкек мэриясында кечээ, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жайнак Ибрагимов, БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов, БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Рыскул Бактыбаев жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле шайлоо учурунда УШКлардын сапаттуу даярдыктары эскертилди.