Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы тыгын маселесин чечүүгө аракет кылууда

Бишкек шаардык мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардын жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.

Анда жол жана тротуарларды оңдоо, жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү маселелери талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине ушул жылдын 1-ноябрына чейин 2026-жылы оңдолуп бүтө турган жолдордун жана тротуарлардын макулдашылган тизмесин даярдоо тапшырылды.

Мэриянын аймактык жана мекемелик бөлүмдөрүнө, ошондой эле муниципалдык ишканаларга оңдоо иштерине тоскоол болгон объекттерди 2026-жылдын 1-мартына чейин алууну аяктоо тапшырмасы берилди.

Ал эми Бишкектеги милициянын кайгуул кызматына жол кыймылын эртең мененки 07:00дөн 10:00гө жана кечки 18:00дөн 20:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан