Биз социалдык тармакта

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоо иштери уланууда (фото)

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоонун алкагында Алматыдан бетон устундар алынып келинди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда 24 метр узундуктагы беш устунду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Аталган жерде эки көпүрө болгондуктан, 22 устун орнотулушу керек. Калган устундар күн сайын этап менен жеткирилет.

Көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди түзсө, эки көпүрөнүн тең узундугу 70 метрди түзөт. Жол кыймылы үчүн төрт тилке түзүлүп, жолдун эки тарабына туурасы 3 метрлик тротуарлар курулат.

"Бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан