Айсулуу Тыныбекова 2025-2029-жылдарга карата Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, бул шайлоо Загребде өткөн Дүйнө чемпиондугунун жүрүшүндө өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген дээрлик 400 балбан добуш берди.
Комиссиянын курамына ар түрдүү континенттерден келген 9 спортчу кирди:
Федерация билдиргендей, Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуу - бул чоң сыймык гана эмес, спортчулардын үнүн түздөн түз UWW Бюросуна жана Конгрессине жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Комиссия дүйнөлүк деңгээлдеги чечимдерге таасир этүүчү маанилүү платформа болуп саналат.