Курулуш министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында наркы 117 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу аяктап калды.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2022-жылы курулуп баштаган.
Долбоор боюнча билим уясы 275 орунга ылайыкталган, үч блоктон турат. А блок - эки кабаттуу окуу корпус, Б блокто ашкана, китепкана жана жыйындар залы, ал эми В блокто заманбап талапка жооп берген спорт зал каралган.
Курулуш-монтаждоо иштери “Кубай” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө. Мектептин эски имараты 1972-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.