Биз социалдык тармакта

Сыноо лабораториясы борбор калаадагы курулуш материалдарынын сапатын текшерди

Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Сыноо лабораториясынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы бир катар объектилерге барып текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, адистер Ак-Ордо конушунда жайгашкан жаңы поликлиниканын курулушундагы темир-бетон конструкцияларынын сапатын текшеришкен.
Мындан тышкары Лущихин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объекттеги топурактын тыгыздыгы боюнча сыноолор жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгы боюнча курулуш материалдарынын сапатын жана алардын ченемдик талаптарга шайкештигин тастыктаган протоколдор берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан