
Саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармакта тараган Бишкек шаарында холера илдети тарап жатат деген маалыматты төгүндөдү.
Мекеме билдиргендей, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө.
"Акыркы жолу Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону аныкталган. Бирок ал адам үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холерадагыдай эпидемиялык потенциалы жок",- деп билдирди мекеме.
Эпидемиялык коркунуч жок болгонуна карабастан, толук көлөмдө тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Адистер ичеги-карын инфекцияларынан сактануу үчүн кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана пайдаланууну, жашылча-жемиштерди таза жууп, кайнак суу менен чайкоо керектигин эскертишет.
Министрлик жарандарды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана тастыкталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.