Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарын коомдук транспорт менен жүрүүгө үндөгөн видео материал жарыялады.
Анда жеке унаадан автобус үнөмдүү болору, шаардын абасына тийгизген терс таасири да аз экени айтылат. Видео материал үч каарман аркылуу автобус ыңгайлуулуктун, жарандарды ашыкча көйгөйдөн арылтуунун транспорт экени сүрөттөлөт.
Белгилей кетсек, борбор калаада тыгын маселеси курч көйгөй бойдон калууда. Шаарга монорельс, метро, тез жүрүүчү жеңил поезд куруу сунуштары айтылып келет.