Талас. "Кол араба менен фляга уурдады" деп айыпталып Кеңеш айылынын тургуну кармалды

2012-жылдын 30-октбярында Талас шаарындагы Сарыгулов көчөсүнүн №12-үйүнүн тургуну Зуура Сатыбекова Талас ШИИБине арыз менен кайрылган. Себеби 2012-жылдын 30-октябрында саат 12:00 чамасында Таластын Сарыгулов көчөсүндөгү “Керемет” кафесинен баасы 3500 сомдук кол арабасын, 1500 сомдук 1 даана флягасын жана баасы 600 сомдук 1 газ баллонун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Талас ШИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде уурулукка шектүү деп мурда соттолгон Талас районунун Кеңеш айылынын 1976-жылкы тургуну Нусупов Абылгазы кармалды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан