Биз социалдык тармакта

Ошто коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компанияга айып салынды

Ош шаарында коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компания айыпка жыгылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликтин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти шаарындагы курулуш объектилерин текшерилүүдө.
"Иш-чаранын алкагында Муса Жалил көчөсүнүн №2Б дарегинде “Саламат Курулуш” ЖЧКсы тарабынын курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилди. Аталган объектиде өндүрүштү уюуштуруу жана эмгек коопсуздугу боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды. Натыйжада Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 200 миң сом айып пул салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилди", - деп белгиленет маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан