Ралина Артыкходжаева триатлон боюнча жаштар арасындагы Азия кубогунда экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдагандай, турнир Казакстандын Түркстан шаарында өткөн.
Маалымат үчүн: Триатлон – үч спортту камтыган жарыш. Ага сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо кирет. Триатлондун ар кандай түрлөрү бар. Бирок эң популярдуу жана азыркы учурда Олимпиаданын программасына киргени бул – сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоону камтыган түрү.