Биз социалдык тармакта

Валентина Шевченко белгилүү киного тартылууда

UFC'нин аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко кайрадан киного тартылып жатат. Кыргызстандык спортчу социалдык тармактарга "Өлүм тизмеси" аттуу белгилүү сериалдын экинчи сезонун тартуу учурундагы сүрөттөрдү жарыялады. Тартуулар Мароккодо өтүп жатат.

"Бул долбоордун бир бөлүгү болгонума кубанычтамын!"- деп жазды спортчу өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 2021-жылы ал америкалык актриса жана кинорежиссёр Хэлли Берринин "Сокку" аттуу тасмасында роль жараткан. Ал кинодо баш каарман менен беттешкен атаандаш катары ойногон. Бул жолу кыргызстандык спортчу Голливуд актеру Крис Пратт жетекчилик кылган чоң долбоорго катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан