Испаниянын атактуу футбол клубу Казакстанга келди. "Реал Мадрид" командасынын учагы Алматы шаарындагы аэропортко келип конуп, күйөрмандар жылуу тосуп алышты.
Реалчылар Чемпиондор Лигасынын 2-турунда Казакстандын "Кайрат" футбол клубу менен беттешет. Оюн эртең, 30-сентябрда Алматынын борбордук стадионунда өтөт.
Айта кетсек, буга чейин "Кайрат" - "Реал Мадрид" беттешине билеттердин баары сатылып кеткени маалымдалган. Борбордук стадион 26 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган.