Манас шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда Кыргызстандын эстетикалык топтук гимнастика федерациясы тарабынан республикалык деңгээлдеги ачык чемпиондук болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Бул ири спорттук иш-чарага Бишкек, Ош жана Манас шаарларынан чогулган 8 жаштан 12 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн турган 14 команда катышты.
Мелдештин жүрүшүндө командалар кыска жана узун программа боюнча өнөрлөрүн көрсөтүп, жыйынтыгында Манас шаарынан катышкан “Everest” жана “Han-Tengri” командалары биринчи орунду багындырды.