БШК мүчөсү Молдовадагы парламенттик шайлоодо байкоочу болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бахадыр Конуров 28-сентябрда Молдовада өткөн парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Ал жакта шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнү 38 округдук шайлоо комиссиясы жана 2274 участоктук шайлоо комиссиясы иш алып барды. Алардын ичинен 301 участкасы чет өлкөлөрдө ачылган, 4 участок почта аркылуу добуш берүүгө арналган.

Шайлоочулардын тизмесине 2 751 105 жаран киргизилген. Шайлоого 58 өлкөдөн келген 912 эл аралык байкоочулар көзөмөл жүргүзүштү. Шайлоого 23 саясий партия катышууда.

Белгилей кетсек, байкоочулар шайлоо участкаларына барып добуш берүү процессин көзөмөлдөшөт жана добуштарды эсептөөгө мониторинг жүргүзүүгө катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан