Биз социалдык тармакта

Ардагер архитекторго "Ак ниет кызматы үчүн" төш белгиси ыйгарылды

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, архитектура жана курулуш тармагына чоң салым кошкон ардагер архитектор Рысбек Кокоевге "Ак ниет кызматы үчүн" төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, төш белгини министрдин биринчи орун басары Самат Жантелиев тапшырып, ардагердин көп жылдык талыкпаган эмгегин жана курулуш тармагына кошкон зор салымын белгиледи.
Рысбек Кокоев 1995-жылдан бери Архитекторлор союзунун мүчөсү. Ал көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырууда өзүнүн жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп келет.
Өзүнүн эмгек жолунда бир нече мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. Алардын катарында Мамкурулуштун Ардак грамотасы, президенттин Ардак грамотасы, өкмөттүн энчилүү сааты, өлкөнүн "Ардактуу архитектору" жана башкалар бар.
"Курулуш министрлиги тарабынан тапшырылган бул төш белги анын көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымынын жогорку баасы",- деп кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан