Испаниянын "Реал Мадрид" футбол клубу Казакстанга келди. Алматынын көчөлөрү аталган футбол клубунун күйөрмандарына толду.
Чемпиондор Лигасынын 2-турунун алкагындагы "Кайрат" менен "Реал Мадрид" беттеши эртең, 30-сентябрда орун алат. Оюн Алматыда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:45те башталат.
Беттешке реалчылардын негизги курамы келген.
Дарбазачылар: Тибо Куртуа, Андрей Лунин, Хави Наварро;
Коргоочулар: Давид Алаба, Марко Асенсио, Алекс Каррерас, Фран Гарсиа, Юрий Хойсен, Дэвид Хименес;
Жарым коргоочулар: Жуд Беллингем, Эдуардо Камавинга, Федерико Вальверде, Аурелиен Чуамени, Арда Гүлер, Дани Себальос;
Чабуулчулар: Винисиус Жуниор, Хендрик Фелипе, Килиан Мбаппе, Родриго Гоес, Гонсало Гарсиа, Брахим Диас, Франко Мастантумо.
Ал эми аталган клубдун оюнчуларын башкы машыктыруучу Хаби Алонсо баштап келди.