
Өлкөдө 1-октябрдан тарта "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында унаада коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү видеокамералар автоматтык түрдө аныктай баштайт. Бул ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул аракеттер жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, айдоочулардын маданиятын жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында ишке ашууда.
"1-октябрдан тарта аппараттык-программалык комплекстер унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктап баштайт. Аталган эреже бузууларга аталган комплекстер тарабынан катталган башка эреже бузуу фактыларындай эле айып пул салынат",- деп белгиленди маалыматта.