Биз социалдык тармакта

Кыргызгидромет жаан-чачынга байланыштуу билдирүү таратты

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, Кыргызстандын аймактарында 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы төмөндөйт:
  • Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +11…+16,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +16…+21,
  • Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +9…+14°, тоолуу райондордо +1…+6°, бийик тоолуу райондордо -1…+4° грауска чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ал эми 2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан