Биз социалдык тармакта

Токмокто баңгизат колдонуп алган айдоочу жөө өтмөктөн апасы менен 5 жаштагы кызды сүздү

Чүй облусунун Токмок шаарында айдоочу жолдон өтүп бара жаткан 5 жаштагы кызды апасы менен сүзүп, кыз ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 11:30 чамасында болгон. Анда 41 жаштагы Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө өтмөктө бара жаткан эне-баланы сүзүп кетти. 5 жаштагы бөбөк ооруканага жетпей үзүлгөн, апасы оор жаракат алып Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыккан. Медициналык кароонун актысына ылайык, айдоочу унааны баңгизат колдонуп алып башкарып жүргөнү аныкталды.
Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан