УКМК Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Бишкек шаарында жеке ишкерден ири суммадагы акчаны уурдап кеткен үч жаранды кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалгандар Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турушат.
Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалгандар Бишкектеги №1 СИЗОго киргизилди.