Өзбекстандын Ургенч шаарында өтүп жаткан универсалдык мушташ боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Жеңишбек Мамбетов коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 25-сентябрда башталып, 30-сентябрга чейин уланат. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген 500гө жакын спортчу катышууда.
Белгилей кетсек, Жеңишбек Мамбетов 80 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, үчүнчү орунду ээледи.