Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун оңдоп-түзөө иштерине 12 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу 16-январда Жогорку Кеңештин отурумунда КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди.
Анын айтымында, 6 миллион сом өлчөмүндөгү каражат машыгуучу жайга коротулат. Андан тышкары ал күрөштөгү негизги шаймандардын бири болгон килемдерден 5 даана алынышы керектигин жана концерттик зал да оңдоп-түзөөгө муктаж экенин айтты.
ЖКнын “Республика” фракциясы боюнча депутаты Нурбек Алимбеков Спорт Ордосунун абалын көргөндө уяларын билдирип, бул каражат аздык кыларын айтты.