Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары 4 күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөрүү пункттары 1-3-октябрда жана 6-октябрда убактылуу жабылат. Ал эми 4-5-октябрда жүк ташуучу унаалар жана товарлар өткөрүлөт, бирок адамдар өтө алышпайт.
“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрмө пункттарынын иши толугу менен 7-октябрда кайрадан жанданат.
“Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү Кытайда "КЭРдин түзүлгөн күнү" жана "Күз ортосу майрамынын" майрамдалышына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен убактылуу токтотулууда.