Бишкек шаарынын аймагында «Притон-Көпөлөк» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери сексуалдык кызмат көрсөтүшү мүмкүн болгон жайларды текшерүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, мындай жайлар негизинен сауналар, мейманканалар жана ижарага алынган батирлер болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө 10 жаран жеткирилип, алардын ичинен 8ине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренесине (Сойкулук менен алектенүү) ылайык протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.
Алардын ичинен:
• 1 жаранга эскертүү берилди;
• 1 жаран 3 суткага камакка алынды;
• 6 жаранга 20 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
"Көңүл буруңуздар! Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Эгерде сиздер интимдик кызмат көрсөтүүгө байланышкан адамдар же жайлар тууралуу маалыматка ээ болсоңуздар, дароо 102 кыска номери аркылуу кабар беришиңиздерди суранабыз",- деп берилет маалыматта.