Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы III КМШ оюндарынын алкагында Азербайжандын курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Оюн Азербайжандын Гянджа шаарындагы спорт сарайында өтөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы кечээ, 29-сентябрда Беларустун курама командасы менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилип калды.