Москва шаарындагы сойкуканалардын биринде кыргызстандык айым кармалды. Бул тууралуу кечээ, 15-январда орусиялык маалымат каражаттары билдирди.
Полициянын маалыматына ылайык, Москванын Монетчиковск көчөсүндө жайгашкан үйдөгү батирде жыныстык кызмат көрсөткөн 20-37 жаштагы 3 айым кармалды. Алар Молдавия, Кыргызстан жана Орусиянын Астрахань облусунан келгендиги аныкталды. Сойкуларга административдик протокол түзүлүп, сойкукананын ээсине кылмыш иши козголду.