Биз социалдык тармакта

№14Т автобустук каттамы убактылуу өзгөртүлдү

1-октябрдан тартып №14Т автобустук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, бул чечим тургундардын кайрылуулары жана суранычтарынын негизинде кабыл алынган.

Буга чейин каттамдын акыркы аялдамасы Алыкулов көчөсүндө жайгашса, эми ал Фрунзе, Корсаков көчөлөрүнөн өтүп, Ата-Журт конушуна чейин жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Мэрия жакынкы күндөрү №14Т каттамына жаңы электробустар киргизилгенден кийин анын акыркы аялдамасы кайрадан Алыкулов көчөсү болорун кошумчалады. Ал эми жаңыланган кыймыл-чиймеге башка каттамдар киргизилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан