Биз социалдык тармакта

Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды (фото)

Бүгүн, 30-сентябрда Лев Толстой көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн тартып Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү толук оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган тилкеде эки катмар жаңы асфальт төшөлдү. Бордюрлар жана лотоктор жаңыртылып, жол сызыктары чийилди.

Мекемеден кошумчалашкандай, аялдамалар тротуардын жолу менен биргеликте оңдолот.

"Урматтуу айдоочулар, сиздерди жол эрежесин сактоого жана учурда болуп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан