Биз социалдык тармакта

Кара-Суу шаары дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө (фото)

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кара-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Кара-Суу шаарынын дизайн-коду иштелип чыгып, анын негизинде иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Кара-Суу шаарынын Жунусов көчөсү иретке келтирилди.
Мекеме бул өзгөрүүлөр шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, кооз жана ыңгайлуу архитектуралык шаар чөйрөсүн түзүүгө багытталганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 25-июлунда Кара-Суу шаардык кеңеши тарабынан токтом кабыл алынып, анда имарат, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө коюлуучу талаптар, көрнөк-жарнак конструкцияларын жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери бекитилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан