Өлкөдө күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жана айдоочуларга жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын алууну эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Мекеме төмөндөгү эрежелерди эске алууну сунуштайт:
- Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып туруңуз;
- Жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоо керек;
- Кар жаап, тайгак болсо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактаңыз.
ӨКМ кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине күнү-түнү акысыз байланышса болорун кошумчалады.