Бүгүнкү күндө республика боюнча 37 соода-логистикалык борбор бар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылы дагы 9 соода логистикалык борбор салуу пландалган. Анын ичинен бешөө ишке берилип, калган 4ү жыл аягына чейин ишке киргизилиши күтүлүүдө.
Курулуш баскычында кампалар жана кеңселер тургузулуп, заманбап жабдуулар жана IT-системдер орнотулат. Андан ары товарларды кабыл алуу, сактоо жана жөнөтүү процесстери жолго коюлуп, электрондук документ жүргүзүү жана кардарлар үчүн санариптик кызматтар киргизилет.