30-сентябрда Азербайжандын Мингечевир шаарындагы “Кюр” олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарында таэквондо боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Жыйынтыгында кыргызстандык үч спортчу байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Күмүш медалдын ээлери:
Нурхан Самидинов;
Абдульазым Абдурахимов.
Ал эми Рамазан Дыйканбаев коло медаль жеңип алды.