
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу айдоочуларга жана жөө адамдарга жол эрежелерин так сактоону эскертет.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу (кар, жаан, тайгак жолдор, туман жана шамал сыяктуу табигый шарттар) жолдо жүрүү коопсуздугу кыйла төмөндөйт.
Айдоочуларга:
Унааңыздын техникалык абалын текшерип чыгыңыз (тормоз, жарык берүүчү түзүлүштөр, дөңгөлөктөр).
Ылдамдыкты азайтыңыз жана аба ырайына жараша тууралаңыз.
Алдыңыздагы унаа менен коопсуз аралыкты сактаңыз.
Тайгак жана көрүнүш начар болгон шарттарда ашыкча тобокелге барбаңыз.
Башка жол кыймылынын катышуучуларына өз убагында жол бериңиз.
Жөө өтмөктөрдү гана колдонуңуз.
Жолдон өткөндө эки тарапты тең жакшылап карап, ынангандан кийин гана өтүңүз.
Жөө жүрүүчү кийимдериңизде көзгө көрүнөрлүк элементтер болушу сунушталат (айрыкча кечки же тумандуу убакта).