III КМШ оюндары: Медалдык эсепте кайсы өлкө алдыда?

Азербайжанда КМШ өлкөлөрүнүн III оюндары өтүүдө. Ага Кыргызстандын да өкүлдөрү катышууда.

Азырынча медалдык эсепте Орусия алдыда. Орусия 47 алтын, 13 күмүш, 9 коло байге менен тизменин сап башында болсо, Азербайжан 7 алтын, 18 күмүш жана 31 коло медаль менен экинчи орунда. Ал эми үчүнчүдө 7 алтын, 16 күмүш, 17 коло медал менен Беларусь өлкөсү.

Кыргызчтандык спортчулар бул турнирде самбо боюнча 2 күмүш, 2 коло утса, таэквондо боюнча 2 күмүш, 1 коло байге утушту.

Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан