Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат.
Жаңыртылган рейтинг Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы менен түзүлгөн. Загребде өткөн турнирдеги финалда кыргыздын балбан кызы эквадорлук спортчуга жеңилип, 2-орунду ээлеген.
Бул жыйынтык Медет кызына дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калууга мүмкүнчүлүк берди. Жаңы дүйнө чемпиону эквадорлук Генесис Росангела Валдес 2-орунга көтөрүлдү. Үчүнчү орунду АКШнын өкүлү Кайли Рене Уолкер ээлеп турат.