Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Дүйнөлүк күрөш федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 7-орунга көтөрүлдү.
Жаңыртылган рейтинг Хорватияда өткөн дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы менен түзүлдү. Загребде өткөн турнирде Жанышов 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмак ченинде күч сынашты.
Бул жыйынтык ага рейтингдик упайларды алып келип, дүйнөлүк рейтингде 7-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.