Биз социалдык тармакта

Транспорт министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат 

Бүгүн, 1-октябрга карата абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда жана ашууларда (Өтмөк, Төө-Ашуу) кар жаап жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты көзөмөлдөп, зарыл учурда тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Каттам бар, жол ачык. Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга жана каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан