Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталууда. Бул демилге коомдук талкуунун "Жарандардын сунушу" бөлүмүнө чыкты.
Анда өлүм жазасын мыкаачылык менен киши өлтүргөндөргө, жашы жете электердин өмүрүн кыйгандарга жана жыныстык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү менен адам өлтүргөндөргө киргизүү керектиги белгиленген.
Бул демилге Ысык-Көлдөгү 17 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлгөндөн кийин күч алды. Буга чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан улам каза болгон аялдардын, балдардын окуясы, уурдалып, азапталып өлтүрүлгөн кыздардын тагдыры боюнча маалыматтар байма-бай айтылып келген.