Биз социалдык тармакта

Нарындын Кош-Дөбө айылындагы оорукана жакында пайдаланууга берилет

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы наркы 65 миллион сомду түзгөн 20 койкалуу оорукана жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объект республикалык бюджеттин эсебиненен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Жалпы аянты 721 чарчы метрди түзгөн оорукана эки блоктон турат. Эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, азыркы тапта бейтаптарга кызмат көрсөтүүгө даярдалууда.
Бул долбоорду ишке ашыруу аймактагы инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан