Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси алмашты

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Казыбек Молдажиев дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 1-октябрда тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Абдымомуновдун башка кызматка барышы чечимдин себеби экендиги маалыматта көрсөтүлгөн.

Ал эми Молдажиев буга чейин президенттик администрацияда иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан