Шайлоо-2025: Алгачкы талапкерлер БШКга арыз беришти

Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №23 шайлоо округу (Биринчи май) боюнча талапкерликке Элвира Сурабалдиевадан, №4 шайлоо округу (Ноокат шаары) боюнча талапкерликке Ахмеджан Мамадумаровдон арыз түштү. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

Эске салсак, парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан