Таластын Манас районундагы Семетей айылында жайгашкан эски №5 бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон 0,35 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, мүлк жери менен бирге 1993-1994-жылдары мыйзам бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын негизинде наркы 5,8 миллион сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке алынган.