Сочиде өтө турган кышкы Олимпиадага 214 миллиард рубль сарпталды

2014-жылдын 7-23-февраль аралыгында Орусиянын Сочи шаарында өтө турган кышкы Олимпиадага 214 миллиардга жакын рубль сарпталды. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын вице-премьер-министри Дмитрий Козак билдирди.

Анын айтымында, 99 миллиард рубль мамлекеттин бюджеттинен жана 114 миллиард рубль тышкы  инвестициялардан алынган. Мындан сырткары Орусиянын Эсептөө палатасы көзөмөлдөп, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Олимпиада өтүүчү жайлардын курулушуна каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары катталбаганы аныкталган.

Ошондой эле даярдыгы боюнча тарыхта “Сочи-2014” Олимпиадасына эң көп каражат багытталганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
wamwi
2014-01-18 13:08:04
олимпиадага коп акча сарпталыптыр эми орусстардын спортсмендери уят кылбаса болду оздорунун уйундо
+3
nargiz_96
2014-01-18 18:49:53
эгер биздеда ушундай олимпияда болсо стадион бутпой калса керек акчасын жеп
+2
Nura.1012
2014-01-18 19:17:28
Биздикилерге мынча акча берсен,Кыргызстанды сатып да кетип калса керек.Миллиард эмес миллионду угузбаш керек ишенич жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан