Кечээ, 3-октябрда Азербайжандын Мингячевир шаарындагы “Кюр”Олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарынын алкагында карате боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык спортчу Эрлан Акылбек уулу 67 килограмм салмак ченинде мыкты чеберчилигин көрсөтүп, экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга татыды.
Карате боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда жыйынтыкталат.