Айбаз Орозбеков самбо боюнча  Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди (фото)

Кечээ, 3-октябрда Индонезиянын Ява аралында жайгашкан Богор шаарында самбо боюнча жаштар арасында дүйнө биринчилиги башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча 13 салмактык категорияда жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.

Кыргызстандык спортчу Айбаз Орозбеков күжүрмөн самбо боюнча 64 килограмм салмак категориясында күч сынашып, коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, мелдештер 5-октябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан