III КМШ оюндары: Кыргызстандык эки балбан кыз күмүш медаль тагынышты (фото)

3-октябрда Азербайжандын Гянджа шаарындагы Олимпиадалык спорт комплексинде III КМШ оюндарынын алкагында эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, Кыргызстандын атынан төрт спортчу таймашка чыкты.

Кыз-келиндер күрөшүндө 53 килограммга чейинки салмак категориясында Акылай Чыныбаева жана 57 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Асема Төрөгелдиева күмүш медаль тагынышты.

Ал эми эркин күрөш боюнча таймаштын биринчи күнүндө балбандар байгеге ээ болушкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан