III КМШ оюндары: Назим Нурланов карате боюнча коло байгеге ээ болду (фото)

Кечээ, 4-октябрда Азербайжандын Мингечевир шаарындагы “Кюр” олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарынын алкагында карате боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык спортчу Назим Нурланов 75 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, үчүнчү орунду ээлеп, коло байгеге татыды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, Нурланов жалпы турнирде төрт беттеш өткөрдү.

Алгачкы айлампада тажикстандык спортчу Абдувахоб Шараповду 1:0 эсебинде жеңсе, кийин азербайжандык Рашид Сулеймановдон жеңилүү ызаасын тартты (6:10).

Көңүл жубатуучу беттеште беларустук спортчу Дэвид Нгуенди 2:1 эсебинде артта калтырып, коло үчүн болгон кармашта азербайжандык Фарид Агаевди 6:2 эсебинде утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан